Улуттук банк карыз алуучулардын укуктарын коргогон мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду

29.04.2022, 10:45 Акчабар
Улуттук банк карыз алуучулардын укуктарын коргогон мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду

Улуттук банктын Башкармасы «Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында жарыяланды.

Андагы маалыматка ылайык, аталган долбоордун максаты Улуттук банк кредит берүү системасын, анын ичинде кредиттерди берүү боюнча чечимдерди кабыл алууда автоматташтырылган системаларды колдонуу бөлүгүн өркүндөтүү жана оптималдаштырууга, ошондой эле карыз алуучулардын укуктарын коргоо үчүн багытталган. 

Токтом долбоорунда: 

  • токтом долбоорунда кредиттик рейтинге, анын ичинде скоринг моделине ылайык берилген кредиттердин, банктардын сактык кассалары тарабынан берилген кредиттердин, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттердин суммаларын, ошондой эле кредит берүүдө жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо тууралуу тастыктоочу документтерди берүүнү талап кылбаган жеке жактар-айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилген кредиттердин суммасын көбөйтүү; 
  • кредиттик рейтинге, анын ичинде скоринг моделине ылайык берилген кредиттерге, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттерге карата атайын классификацияны колдонуу бөлүгүндө талаптарды күчөтүү; 
  • банк тарабынан комиссиялык төлөмдөрдү алуу боюнча талаптарды эки тараптуу түшүнүүнү четтетүү; 
  • башка техникалык өзгөртүүлөр. 

Белгилей кетсек, коммерциялык банктар токтом долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 28-майдан кечиктирбестен билдүрүүлөрү зарыл. 

Тэги: Улуттук банк карыз алуучулардын укуктары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу