УБ: Бүгүнкү күндө долларды сатуу жана сатып алууда көйгөйлөр жок

11.03.2020, 13:30 Акчабар
УБ: Бүгүнкү күндө долларды сатуу жана сатып алууда көйгөйлөр жок

Кыргызстанда долларга карата дефицит жок. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов улуттук валютанын америка долларына жана еврого карата курсунун түшүшү тууралуу билдирүү жасап жатканда билдирди.

Брифингдин жүрүшүндө ал билдиргендей, сырткы чөйрө татаал бойдон калууда. «Кыргызстандын соода тармагындагы негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн финансылык рынокторунда өзгөрүлмөлүү жагдай байкалууда»- деди ал.

Рыноктордун соода жана финансы операциялары аркылуу бири-бирине байланышта болушу бул өлкөлөрдө болгон жагдайдын Кыргыз Республикасынын финансылык индикаторлоруна да таасир этүүсүн шарттоодо.

Абдыгулов белгилегендей, чет өлкө валютасына суроо-талаптын өсүшү негизги өнөктөш өлкөлөрдөгү кырдаалга байланыштуу болгон.

«Бул психологиялык факт. Бизнесте жана жарандарда өзгөрүүлөр тууралуу күтүүлөр болгон», - деди Улуттук банктын төрагасы.

«Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн түзөө максатында, чет өлкө валютасын сатуу боюнча интервенция ишке ашырылды. Бүгүнкү күндө долларды сатуу жана сатып алууда көйгөйлөр жок»,- деди ал.

Тэги: доллар сатып алуу жана сатуу доллардын курсу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу