Улуттук банк: Учурда коммерциялык банктарда доллар жетиштүү

20.03.2020, 10:00 Акчабар
Улуттук банк: Учурда коммерциялык банктарда доллар жетиштүү

«Коммерциялык банктарда доллар жетиштүү. Бул тууралуу Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов 20-мартта массалык маалымат каражаттын өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөзүп жатып билдирди. 

«Коммерциялык банктарда доллар жетиштүү. Азыр ызы-чууга алдырбай, абал турукташканча доллар сатып албай туруу кеңешин берет элем. Кыргызстанда мындай абал 2015-16-жылдары болгон. Андан доллардын наркы 50 сомдон 70 сомго көтөрүлгөн. Улуттук банк интервенция жасап, доллардын курсун 67 сомго алып келген. Ошол себептен, учурда жарандарды паникага алдырбоого чакырам», - деп билдирди Улуттук банктын жетекчиси. 

 

- Доллар менен ипотека алгандардын жана ишкерлердин мындан аркы ишмердүүлүгү кандай болот? 

 

 «Биз ипотеканы доллар менен берип көргөнбүз. Бирок, практикада ал жакшы көрсөткүчтү берген эмес. Ошол себептен Улуттук банк  ипотеканы доллар менен, керектөөчү насыяны дагы доллар менен берүүгө тыюу салган. Андан сырткары, коронавируска байланыштуу абал курчуп, чек аралар жабылып жаткандыгына байланыштуу, ишкерлер учурда жоготууга учурап жаткандыктан, коммерциялык банктарга насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу сунушун бердик жана пайыздык ченди өстүрбөөгө тыюу салдык. Бул албетте учурдагы абалга байланыштуу ишкерлерди колдоо болуп эсептелинет. Бирок, насыя алган ар бир жаран банкка барып, бул тууралуу такташ керек. Ар бир кредитордун абалы ар башка да, бардыгына тең насыя каникулун бере албайбыз», - деп айтты Абдыгулов. 

 

Учурда валюта рыногунда абал турукссуз болуп, рублдун наркы түшүп, доллардын курсу сомго карата  көтөрүлүүдө. Кечээ, 19-мартта  доллардын курсу 85 сомго чыкты. 

 

 

Тэги: Улуттук банк коммерциялык банк доллар жетиштүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу