Улуттук банк коммерциялык банктарга берген насыянын төлөө мөөнөтүн 2 жылга жылдырды

16.04.2020, 15:21 Акчабар
Улуттук банк коммерциялык банктарга берген насыянын төлөө мөөнөтүн 2 жылга жылдырды

Улуттук банк, 2018-жылдын май айында аукциондун негизинде коммерциялык банктарга берген насыялардын кайра төлөө мөөнөтүн 2 жылга жылдыруу чечимине келди. 

Тийиштүү чечимге 2020-жылдын 15-апрелинде Улуттук банк тарабынан кол коюлган. 

Белгиленгендей, бул чечим коронавирус пандемиясынын экономикага тийгизип жаткан терс таасиринен улам кабыл алынган. 

2018-жылы Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга бөлүнгөн каражаттар региондорду өнүктүрүү максатында берилген. 

«Коммерциялык банктар экономиканын башка тармактарын жаны региондорду каржылоо үчүн Улуттук банктан насыя алышат», — деп түшүндүрмө берди «Акчабарга» регулятор. 

Тэги: Улуттук банк коммерциялык банктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу