Улуттук банк, 11-июнда өткөзгөн аукциондун жыйынтыгында, коммерциялык банктарга 5 пайыздык чен менен 250 млн сом каражат которулду. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат.
Кошумчалай кетсек, 12-июнда 2 жылдык мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Жайгаштыруунун жалпы суммасы 200 млн сомду түзөт.