Улуттук банк коммерциялык банктарга кредиттик тобокелдикти 300%га чейин жогорулатууну тапшырды

11.03.2022, 11:58 Акчабар
Улуттук банк коммерциялык банктарга кредиттик тобокелдикти 300%га чейин жогорулатууну тапшырды

Улуттук банк башкармасы банк системасынын финансылык туруктуулугун сактоо, финансылык рынокто жагдайды турукташтыруу жана банктардын операциялык ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо максатында, "КР Улуттук банкынын коммерциялык банктардын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө" токтомун кабыл алды.  Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган токтом менен коммерциялык банктардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын айрым талаптары кайра каралды.

“Мында банктар Улуттук банк башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин, чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди колдонуудагы 150 пайыздын ордуна 300 пайыз өлчөмүндө кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча белгилөөсү зарыл.

Мындан тышкары, банк системасында ликвиддүүлүктү сактоо жана акча каражаттарын сактоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында коммерциялык банктарга банк-резиденттер менен чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча корреспонденттик мамилелерди түзүүгө уруксат берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: КР Улуттук банкы коммерциялык банктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу