Улуттук банк рублдин курсун “Блумбергдин” маалыматына таянып аныктайт

14.03.2022, 09:28 Акчабар
Улуттук банк рублдин курсун “Блумбергдин” маалыматына таянып аныктайт

Улуттук банк орус рублинин сомго карата расмий курсун аныктоо тартибин убактылуу өзгөрттү. Мындан ары орус валютасынын курсу “Блумберг”​ маалымат агенттигинде жарыяланган маалыматтардын негизинде аныкталат. Жаңы эреже боюнча токтом 11-мартта Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Мындай чечим ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын алып кайра сатуу операцияларынын болушуна жол бербөө максатын көздөйт.

Рублдин сомго карата расмий курсу Бишкек убактысы боюнча мурунку соода күнү саат 15:00дөн учурдагы соода күнү саат 15:00гө чейинки мезгил аралыгында “Блумберг” маалымат агенттиги/ “Рейтер” маалымат агенттиги тарабынан белгиленген, орус рублине карата АКШ долларынын максималдуу жана минималдуу курсу аралыгындагы орточо маанинин негизинде кросс-курс боюнча эсептелет.

Токтом 14-марттан тарта күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, буга чейин орус рублинин сомго карата расмий курсу Москва банктар аралык валюталык биржасындагы баалардын негизинде эсептелип келген.

Тэги: КР Улуттук банкы рубль.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу