Улуттук банк рублдин курсун эмне себептен Bloomberg боюнча аныктап жатканын түшүндүрдү

14.03.2022, 17:39 Акчабар
Улуттук банк рублдин курсун эмне себептен Bloomberg боюнча аныктап жатканын түшүндүрдү

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева Улуттук банк рублдин расмий курсун эмне себептен Bloomberg жана “Рейтер” боюнча аныктап баштагандыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымана караганда, мурда расмий курс Москва биржасындагы сооданын негизинде аныкталчу. Бирок акыркы кырдаалга байланыштуу биржада курсту аныктоочу реалдуу суроо-талап толугу менен чагылдырылбай жатат.

“Ушундан улам Улуттук банк рубл жана доллардын курсун мындан ары Bloomberg жана Рейтер маалымат агенттигинен гана алат”,- дейт ал.

Белгилей кетсек, Улуттук банк орус рублинин сомго карата расмий курсун аныктоо тартибин убактылуу өзгөрткөн. Мындан ары рублдин сомго карата расмий курсу Бишкек убактысы боюнча мурунку соода күнү саат 15:00дөн учурдагы соода күнү саат 15:00гө чейинки мезгил аралыгында аталган эки маалымат агенттиги тарабынан белгиленген, орус рублине карата АКШ долларынын максималдуу жана минималдуу курсу аралыгындагы орточо маанинин негизинде кросс-курс боюнча эсептелет.

Жаңы эреже боюнча токтом 11-мартта Улуттук банктын сайтында жарыяланган. Мындай чечим ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын алып кайра сатуу операцияларынын болушуна жол бербөө максатын көздөйт.

Токтом 14-марттан тарта күчүнө кирди.

Тэги: Уллуттук банк Блумберг Рейтерс валюталык курс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу