Улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата 12-31-майда, Улуттук тарых музейинде нумизматикалык көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмөнүн ачылышы 12-майда саат 10:00дө болот. Аталган иш-чараны Улуттук банк уюштурууда.
Көргөзмөдө 1993-2017-жылдардагы банкноттордун үлгүлөрү менен улуттук валютанын өнүгүү тарыхы боюнча экспозициялар коюлат. Ошондой эле Улуттук банк 30 жыл ичинде чыгарган эстелик коллекциялык монеталар коюлат.
“Өз элинин тарыхына, улуттук валютанын жаралуу тарыхына жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктарга кызыккандардын бардыгын көргөзмөгө чакырабыз”, - деп айтылат маалыматта.