Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырат

10.06.2024, 14:45 Акчабар
Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырат

Кыргызстанда заманбап технологияларды колдонуу менен алдамчылык фактылары көбөйүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, санариптик индустриянын өнүгүшү финансы-кредит уюмдарынын кардарларын тейлөөдө ыңгайлуулук менен катар шылуундарга туш болуу тобокелдиктерин да жаратууда.

Улуттук банк телефон аркылуу эле эмес, мессенджер, ошондой эле жарнамалык сайттар жана социалдык тармактар аркылуу да шылуундарга туш болгон жарандардан арыздарды кабыл алууда. Жарандардын акчасынан пайдалануу үчүн алдамчылар акыркы технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти (үндү бурмалоо), ошондой эле психологиялык ыкмаларды пайдалануу менен барган сайын өзгөчө ыкмаларды колдонуп жатышат.

"Ушуга байланыштуу жарандарга өзүнө сак болууга жана кандай болбосун жеке өзүнө таандык маалыматтарды, картанын номерин, ПИН-кодун, SMS-билдирүү коддорун үчүнчү жактарга бербөөгө чакырабыз!", - деп айтылат маалыматта.

Башкы банк шектүү интернет шилтемелерге кирбөөнү, андан да жеке маалыматтарды же картанын реквизиттерин көрсөтпөнү өнү жана мессенджер аркылуу белгисиз номерлерден видео чалууларга да жооп бербөө керектигин эскертет.

Тэги: шылуундар Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу