Улуттук банк телефон шылуундарынан сак болууга чакырат.
Жарандарга байланышып, банк кызматкери катары өзүн тааныштырып, жеке маалыматын жана карта реквизиттерин сурап чалгандар катталууда.
Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, Улуттук банк телефон аркылуу мындай маалыматтарды сурабайт, эсеп ачпайт жана физикалык жактарды тейлебейт.