Улуттук банк: ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу

24.02.2021, 10:30 Акчабар
Улуттук банк: ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу

Ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. 

 

 

Маалыматка ылайык, тышкы экономикалык шарттардын таасири астында айрым мезгил аралыгында чет өлкө валютасына болгон талап жогорулагандыгы байкалган. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө үчүн валюта рыногуна катышат.

Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын акырындап калыбына келиши күтүлүүдө, бул орто мөөнөткө каралган келечекте тышкы талапты камсыз кылуу үчүн республикада экономикалык жигердүүлүктүн жогорулашына өбөлгө түзөт. Ошентсе да, дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын өсүшү Кыргызстанда керектөө бааларынын жакынкы мезгил аралыгында жогорулашынын сакталып турушун шарттайт. Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк пайыздык ченди 5,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк учурдагы акча-кредит саясатына корректировкаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

 

Улуттук банк туруктуу негизде тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.

Тэги: Улуттук банк ички валюта рыногу экономикалык шарт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу