Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат

24.05.2024, 09:20 Акчабар
Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат

Улуттук банк жарандарды банк кызматкеримин деп тааныштырган шылуундардан сак болууга чакырат.

Көзөмөл органынын айтымында, Улуттук банктын расмий сайтында көрсөтүлгөн жасалма телефон номерлери аркылуу алдамчылык фактылары көбөйдү. Ошондой эле мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын кызматкеринин одоно жасалма документин көрсөтүшүүдө. 

"Алардын максаты жарандардын акчасына жетүү жана уурдоо. Ушуга байланыштуу Улуттук банк эч качан жарандардан телефон аркылуу жеке маалыматтарын жана жашыруун маалыматтарды сурабай турганын эскертебиз. Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт, жеке адамдарды тейлебейт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Андыктан, сак болууну жана жеке маалыматтарды эч кимге бербөөнү катуу сунуштайбыз”, - деп белгилейт Улуттук банк.

 

Тэги: КР Улуттук банк шылуундар алдамчылык уурулук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу