Улуттук банктын төрагасы "Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2023-2025-жылдарга стратегиялык иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу" буйругуна кол койгон. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, планда ачык-айкындуулукту, ачыктыкты жогорулатууну камсыз кылуу, коррупцияга каршы билим берүү жана коррупцияны алдын алуу боюнча иш-чаралар камтылган.
Улуттук банкта этиканы сактоо жана коррупцияга жол бербөө боюнча комиссия коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2023-2025-жылдарга стратегиялык иш-аракеттер планынын долбоорун талкуулоо боюнча отурум өткөрдү. Отурумга Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү М.Ш. Аттокуров жана аталган комиссиянын башка мүчөлөрү катышты.
Жыйынтыгында Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2023-2025-жылдарга стратегиялык иш-аракеттер планынын долбоору жактырылып, Улуттук банктын төрагасына бекитүүгө жөнөтүлдү.