Кыргызстандыктар арасында Улуттук банктын алтын куймаларына суроо-талап өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы 125,2 кг салмактагы алтын куймалары 746 млн сомго сатылган.
“Улуттук банк да өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алууда, өткөн жылы 245 млн сомго 44,6 кг сатылып алынган”, - деп кошумчалады ал.