Улуттук банктын алтын резерви жыл ичинде 56,1%га өстү

16.10.2023, 13:32 Акчабар
Улуттук банктын алтын резерви жыл ичинде 56,1%га өстү

Кыргызстандын Улуттук банкынын монетардык эмес алтын жана алтын резервдериндеги активдери сентябрдын аягында 258 млрд 855 млн сомго бааланган. Бул тууралуу Улуттук банктын финансылык абалы жөнүндө баяндамасында келтирилген.

Жыл ичинде алар 165 млрд 796 млн 701 миң сомдон 56,1%га өскөн.

Анын ичинде “алтын” категориясындагы активдер 112 млрд 140 млн 181 миң сомду, алтындын монетардык эмес запастары 146 млн 714,8 млн сомду түздү. 

Эске сала кетсек, алтындын жана алтындын монетардык эмес резерви ички баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү перспективаларынын алкагында Улуттук банктын резервдерин түзүүгө багытталган. Алар банктын активдүү инвестициялык операцияларына катышпайт жана Улуттук банктын инвестициялык активдерине кирбейт.

Тэги: алтын экспорт Улуттук банк.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу