Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери жыл ичинде 86% өстү

17.06.2024, 09:40 Акчабар
Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери жыл ичинде 86% өстү

Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери май айынын аягында 170 млрд 765,4 млн сомго жетти. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди. 

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алар 86,4%га, 91 млрд 628 млн сомго көбөйгөн.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын активдерине монетардык эмес алтын жана алтын запастары да кирет. Алардын көлөмү жыл ичинде, тескерисинче, дээрлик 31 млрд сомго азайып, 128 млрд сомго жетти.

 

Тэги: актив алтын алтын резерви КР Улуттук банкы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу