Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукцион өттү

27.04.2022, 11:28 Акчабар
Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукцион өттү

Кечээ, 26-апрелде Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукцион өттү. Бул тууралуу борбордук банктан билдирди.

Аукциондун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 14 жана 28 күн болгон Улуттук банктын ноталарынын орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 13,33% жана 13,59% түзгөн. 23-мартта өткөн аукционго салыштырмалуу 14 жана 28 күндүк ноталардын баалуу кагаздары 0,01% жана 0,09%га өскөн. Ал эми жүгүртүү мөөнөтү 7 күндүк ноталардын аукциону катышуучулардын жетишсиздигине байланыштууөткөрүлбөгөн катары таанылган.

Кошумчалай кетсек, ноталарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банкы банк тутумунан 5,8 млрд сомго ашыкча ликвиддүүлүктү алууну пландаштырган.  

Тэги: Улуттук банктын ноталары аукцион

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу