Улуттук илимдер академиясынын быйылкы бюджети 499 млн. сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул сумма кызматкерлердин эмгек акысын, ошондой эле коммуналдык төлөмдөрдү камтыйт.
“Эң аз айлык 7 миң сом, орточо 12 миң сом. Кыргызстанда 39 академик, 51 корреспондент-мүчө бар. Эң улуу илимпоз Мамбет Мамакеев 95 жашта, эң кичүүсү 55-56 жашта”, - деди Чолпонкул Арабаев.