2020-жылдын I- кварталынын жыйынтыгы менен жашоо минимунун суммасы - жан башына 5167,21 сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 10,4 пайызга өскөн. Нарктык өсүш КР бардык аймактарында катталган.
Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыгып, бекитилген. Ага ылайык азык-түлүк товарлардын үлүшү (калк үчүн орто эсеп менен) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзгөн.