Валюта рыногунда сом аутсайдерлердин катарында калууда

03.11.2020, 17:30 Акчабар
Валюта рыногунда сом аутсайдерлердин катарында калууда

Доллардын официалдуу курсу 2.32% жогорулап, 83.7 сомду түздү. Евронун баасы дагы 2.77% жогорулап, 97.8 сомдон сатылууда. Мындан сырткары, сомдун рублга карата 3.05%, теңгеге карата наркы 2.55%  төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук банктын материалдарында маалымдалат. 

 

Ошол эле учурда коммерциялык банктарда 1 $ - 84.2 сом менен, евро — 98.5-98.8 сом менен сатылууда. 

Белгилей кетүүчү нерсе, Москва биржасында доллар бир аз төмөндөп, — 79.6 рублду түздү, евро - 93.1 рубль менен сатылууда. Россиянын Борбордук банкы берген маалыматка ылайык, америка валютасы 80 рублду, евро — 93.3 рублду түзүүдө. 

Ошону менен катар эле мунайдын баасы дагы бир аз көтөрүлдү. Азыркы учурда Brent мунайынын бир баррелге болгон баасы 39.9 $, ал эми WTI — 37.8 $ түзүүдө. 

Тэги: доллар сом Улуттук валюта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу