Улуттук инвестициялык агенттиктин мурдагы директору Умбриэль Темиралиев Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалды. Аны дайындоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске салсак, кечээ, 7-сентябрда президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 26-сентябрынан бери иштеп келген Умбриэль Темиралиевди Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси кызматынан бошоткон.
Буга чейин борбордогу ЭЭАны Алмамбет Шыкмаматов жетектеп келсе, 5-сентябрда ал Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалган.