Улуттук банкта алтындын унциясы дээрлик 60 долларга арзандады

19.05.2022, 09:15 Акчабар
Улуттук банкта алтындын унциясы дээрлик 60 долларга арзандады

Бир сутка ичинде Кыргызстандын Улуттук банкы чыгарган алтын куймаларынын унциясы 59,9 долларга арзандады. Бүгүнкү күндө кайра сатып алуу баасы 151 миң 38 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында берилди.

Ал бир күн мурун, 18-майда 155 миң 845,5 сомду түзгөн. Муну менен алтындын унцийинин кайра сатып алуу баасы 4807,5 сомго же 3%га арзандады.

Белгилеп кетсек, май айында көрсөткүчтүн төмөндөөсү байкалган. 17-майга карата кайра сатып алуу баасы ушул айдын башына карата 4,82%га төмөндөгөн. Анын өсүшү 12-майда гана 0,34%га, ал эми кечээ күнү 0,7%га белгиленген.

Бүгүн, 19-майга карата, кайра сатып алуу баасынын төмөндөшү ушул айдын башына карата 7,1%ды түздү.

Бүгүн Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 192 миң 72,5 сомдон сатып алууга болот. Сатуу баасы 26-апрелден баштап өзгөрүүсүз калды.

Тэги: тройская унция аффинированные слитки золото НБ КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу