Улуттук банктын алтын унцийи кайрадан арзандады

03.06.2022, 09:19 Акчабар
Улуттук банктын алтын унцийи кайрадан арзандады

Бир сутка ичинде Кыргызстандын Улуттук банкы чыгарган алтын куймаларынын унциясы 0,06%га арзандады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Муну менен бүгүнкү күндө Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 152 миң 353 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 2-июнда кайра сатып алуу баасы 152 миң 441 сомду түзгөн. Ошентип, баа 88 сомго же 1,1 долларга арзандады. Белгилеп кетсек, ушул жуманын башынан бери кайра сатып алуу баасы 1,9%га арзандаган.

Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 3-июнга карата 192 миң 72,5 сомдон сатып алууга болорун кошумчалайбыз. Баа 26-апрелден бери өзгөргөн жок.

Тэги: аффинированные слитки золото НБ КР тройская унция инвестиции в золото

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу