Улуттук банктын алтын унцийи дем алыш күндөрү 45,66 долларга арзандады

06.02.2023, 09:23 Акчабар
Улуттук банктын алтын унцийи дем алыш күндөрү 45,66 долларга арзандады

Дем алыш күндөрү Кыргызстандын Улуттук банкы чыгарган алтын куймаларынын унций баасы 3937 сомго арзандады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 167 миң 432 сомдон сатып алууда. Жума күнү, 3-февралда баалуу металлдын бул көлөмүн кайра сатып алуу баасы 171 369 сомду түздү.

Ошентип, баа 45,66 долларга төмөндөдү.

Кошумчалай кетсек, 6-февралдагы маалымат боюнча Улуттук банктын алтын куймасынын бир унциясын 169 миң 943,5 сомдон сатып алууга болот.

Тэги: новости Кыргызстана новости экономики экономика золото цена на золото Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу