Кыргызстандын Улуттук банкынын 4-сентябрдагы алтын куймаларынын унцийинин кайра сатып алуу баасы 176 миң 952,5 сом деп белгиленди.
Өткөн жуманын аягында көзөмөл органы элден 31,1035 грамм салмактагы куймаларды 177 миң 98,5 сомго сатып алган. Ошентип, баа 146 сомго, же 1,6 долларга жогорулады.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын бир унцийин 179 миң 607 сомдон сатып алууга болот.