Кыргызстандын Улуттук банкынын 5-сентябрга карата алтын куймаларынын унцийинин кайра сатып алуу баасы 176 миң 650 сом деп белгиленди.
Өткөн жуманын аягында көзөмөл органы элден 31,1035 грамм салмактагы куймаларды 176 миң 952 сомго сатып алган. Ошентип, баа 302 сомго, же 3,42 долларга төмөндөдү.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын бир унциясын 179 миң 300 сомдон сатып алууга болот.