Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын куймаларынын унциясы акыркы сутка ичинде 4%га арзандады. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында маалымдалды.
Бүгүнкү күндө Улуттук банк тарабынан аффинаждалган алтын куймасынын унциясын кайра сатып алуу баасы 196 миң 968,5 сомду түздү. Бул мурунку күнгө салыштырмалуу 7 миң 812,5 сомго аз, анын наркы 204 миң 780 сомго жеткен.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Улуттук банктын алтын куймасын 199 миң 923 сомго сатып алууга болот.