Таза алтын унциясынын баасы бир күн ичинде 5 миң 130.5 сомго же 61.3 $ жогорулап кеткен. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Кечээ, 3-ноябрда бир куйма алтындын баасы 169 миң 919 сомду түзсө, бүгүн анын баасы - 175 миң 49.5 сомго жеткен. Андан сырткары, куйма алтындын баасы - 5 миң 208 сомго же 62.2 $ өскөн.
Дүйнөлүк бааны алып караса, азыркы учурда алтындын баасы 1 мин 900 долларды түзүүдө.