Уран казылбаса, инвестициялар кайда жумшалат?

26.04.2019, 09:00 Акчабар
Уран казылбаса, инвестициялар кайда жумшалат?

 Эми «Кыргызстанда ЮрАзия» Ысык-Көлдө  уран казбайт.  Кыргыз өкмөтү Кызыл-Омполдогу  уранды иштетүүгө лицензиясын чакыртып алды. Бул тууралуу «Азаттык» билдирди.

«Мен расмий түрдө айтып жатам, уран кенин иштетүү жабылды. Алардын (ред: компаниянын) колунда уран кенин иштетмек турсун, чалгындоо жүргүзгөнгө да акысы жок. Лицензияны кайтарып алдык. Лицензия жок болгондон кийин кандай иш жүрсө да ал мыйзамсыз, - деди Боронов», — деп билдирген басылма биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун сөзүн.

Айтмакчы, бул компаниянын геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө  уруксат берген лицензиясы бар. Бирок, уранды казууга лицензия ала элек болчу. Анткени,  уран казуу эми гана пландаштырылп жаткан.  22-апрелде КР премьер-министринин тапшырмасы менен уран кенинде экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкканча анда иш жүргүзүү токтотулган.  

Учурдагы уранга байланышкан абал боюнча «Кара-Балта тоо-кен комбинатынын» өкүлү Андрей Акимов түшүндурмө берди. Уран казууну токтотуу боюнча Кыргыз өкмөтүнүн чечимин компания түшүнүү менен  кабыл алат.  Эң негизгиси эл тынч болуп, өлкөдө эч кандай  дестабилизацияга жол бербөө  керектигин баса белгиледи. 

«Биз тоо-кен тармагынын башка багыттарын дагы өркүндөтүүгө,  тактап айтканда алтын, күмүш казууга багыттайбыз. Биздин технологияны уран калдыктарын тазалоого колдонууга сунуш түштү. Анда бул технология канчалык эффективдүү, экологиялык жактан коопсуз экенин көрсөтсөк болот», — деп билдирди Андрей  Акимов.

Эскерте кетели, Бишкекте өткөн «Стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы мейкиндиктери менен  интеграция» аталышындагы   кыргыз-орус  аймактар аралык VIII-конференцияда «Борбордук-азиядагы уран компаниясы» (Россия) менен «Кара-Балта тоо-кен комбитанты» ААК ортосунда   $30 млн каражатка келишим түзүлгөн. Каражаттар Кара-Балтадагы комбинатты модернизациялоо  жана «Кыргызстандагы ЮрАзии» компаниясынын уранды чалгындоого жумшалмак. 

Өткөн аптадан бери коомчулук арасында Ысык-Көл биосфералык аймагында кен казууга каршылык күч алып, наарачылык айтылып баштаган. Жарандык активистер мындан аркы чалгындоо, кен казуу иштерине каршы экенин билдирип, экологиялык катастрофанын алдын алууга чакырык ташташкан. Бирок, эколог-эксперттер мындай билдирүүлөр негизсиз деп чыгышты необоснованными.

Азыркы негизги маселе комбинаттагы адамдарды жумуш менен камсыз кылуу. 

 

«Биз элге биздин технология радиациялык жер кыртышын тазалаганда канчалык эффективдүү экенин көрсөткүбуз келет. Биз өкмөт  менен сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүп, бир гана уран тууралуу ойлонбостон, тоо-кен тармагында салым кошууга даярбыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Андрей  Акимов.

Маалымат 

 «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2010-жылы гелогиялык чалгындоого лизенция алышкан. Анда негизги изилдөө Таш-Булак кениндеги чачынды уран кенин казууга багытталган. «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧК геологиялык чалгындоо программасы үчүн  271 млн сом караган. Ал Ысык-Көлдүн Тоң районундагы ири салык төлөгөн компания болуп саналат. 

 

Тэги: уран горнорудная отрасль месторождение

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу