БУУ: Кыргызстан калкынын 70% жакырчылыктын чегинде жашайт

03.06.2022, 13:09 Акчабар
БУУ: Кыргызстан калкынын 70% жакырчылыктын чегинде жашайт

Кыргызстанда калктын жакырчылык деңгээлин төмөндөтүү боюнча эффективдүү практика жок. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте журналисттер менен жолугушууда Бириккен Улуттар Уюмунун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын докладчысы Оливье Де Шуттер билдирди.

Анын баамында, өкмөт азык-түлүккө болгон баанын жогорулашына байланыштуу өзүнүн социалдык программаларын, ошондой эле жакырчылыктын улуттук чегин жана жашоо минимумунун деңгээлин кайра карап чыгуусу зарыл.

"Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли абдан жогору. Бизде болгон акыркы маалыматтар боюнча республиканын калкынын 25,3% өтө жакырчылыктын чегинде жашайт. Негизинен булар айыл жеринин тургундары", - деп белгиледи ал.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан калкынын төрттөн биринин айлык кирешеси адам башына 1000 сомдон ашпайт. Ошол эле учурда Кыргызстандын 70% тургундарынын айлык маянасы жашоо минимумунан ашпайт.

“Эгер жашоо минимумунун өлчөмүнө объективдүү караса, анда Кыргызстандын калкынын 70% жакырчылыктын чегинде жашайт”, - деди Оливье Де Шуттер.

Жарыяланган маалыматтар, докладчиктин айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын, пенсия курагындагылардын, көп балалуу жана толук эмес үй-бүлөлөрдүн, ошондой эле жетим балдардын жана оорунун оор түрлөрүнөн жапа чеккен адамдардын аялуу көйгөйлөрү курчуп баратканын көрсөтүп турат.

Кошумчаласак, жакырчылыктын чеги – бул адамдын минималдуу керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл болгон эң аз киреше. Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 813 сом.

Өтө жакырчылыктын чеги - суткасына 2 миң жана 100 ккал деңгээлинде адамдын тамак-ашка болгон минималдуу керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл болгон бир адамга эң аз кирешенин чеги. Бул босого 1 миң сомго барабар.

Тэги: Оливье Де Шуттер спецдокладчик ОНН уровень бедности в КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу