Кыргызстанда жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли 9,3%ды түздү

08.11.2022, 10:29 Акчабар
Кыргызстанда жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли 9,3%ды түздү

Кыргызстанда 2021-жылы 15 жаштан 28 жашка чейинки жаштардын 65,3 миңи же өлкөдөгү эмгекке жарамдуу жаштардын жалпы санынын 9,3%ы жумушсуз деп катталган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Иш менен камсыз кылуу жана жумушсуздук. Үй чарбаларынын бюджетин жана жумушчу күчүн комплекстүү тандап изилдөөнүн жыйынтыктары” аттуу изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөттү.

Изилдөөгө ылайык, жумушсуз жаштардын негизги бөлүгү  42,1 миң адамды 18 жаштан 24 жашка чейинкилер түзөт.

Жумушсуз жаштардын эң көп саны Жалал-Абад облусунда 20,7 миң адам, Бишкек шаарында 12 миң, Чүй облусунда 7,3 миң, Ош облусунда 6,1 миң, Баткен облусунда 6 миң, Ысык-Көл облусунда 5,9 миң адам жумушсуздардын каттоосунда турат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, жумушсуз жаштардын ичинен эң азы Нарын (3,9 миң) жана Талас облустарында (1,7 миң), ошондой эле Ош шаарында (1,8 миң) катталган.

Белгилеп кетсек, өлкөдө жаш жумушчу күчтөрүнүн жалпы саны 703,8 миң адамды түзөт.

Тэги: новости Кыргызстана экономика безработица рынок труда Нацстатком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу