Көмүскө экономиканын ИДПдагы өсүшү 37% жетти

12.09.2019, 12:39 Акчабар
Көмүскө экономиканын ИДПдагы өсүшү 37% жетти

2019 – жылдын июнь айында көмүскө экономиканын көлөмү 37% түздү. Бул алдын-алынган маалыматтарды эл аралык PricewaterhauseCoopers LLP (PwC) компаниясы Кыргызстандын 302 ишканасынан сурамжылоонун жыйынтыгында билдиришти. Бул компания Кыргызстандын Өкмөтүнүн буйрутмасы аркылуу иш алып барышкан. 

PwCден тышкары, изилдөөөнү SIAR Research&Consulting 502 ишканадан сурамжылоо жүргүзгөн. SIAR көмүскө экономикасынын көлөмү 29.8% түзөт. 

Тигил же бул ишканын «көмүскөдө» иштешинин себебин иликтөөнүн негизинде,  «Экономика тармагындагы көмүскөнүн деңгээлин төмөндөтүү боюнча 2019-2020-жылдарга карата иш-чаралардын Планын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору даярдалды, ал көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө, чарбалык субъектилердин «көмүскөгө» кирүүсүнө түрткү берген себептерди жокко чыгаруу, ошондой эле коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу жана ишкерлик кылууга жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына коомдук талкууга коюлду.

 

Тэги: теневая экономика правительство коррупция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу