Былтыркы жылдын аягында ИДПга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 68,1%ды түздү. Бул жагдай ЕАЭБ өлкөлөрүнүн келишимин бузат, деп айтылат Эсеп палатасынын республикалык бюджеттин аткарылышынын аудити боюнча отчетунда.
Аудиторлор ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 63-беренесинде тышкы мамлекеттик карыздын наркы ИДПнын 50% ашпоосу керек деп жазылганын эске салышты. Эгерде белгиленген чектен ашып кетсе, өлкө кредиттик каражаттарды жеңилдетилген шартта гана тарта алат.
Мындан тышкары, Эсеп палатасы эл аралык келишимди сактабоо жана өлкөнүн Бюджет кодексинде ИДПга карата мамлекеттик жана тышкы карыздын максималдуу деңгээлинин жоктугу мамлекеттик карыздын туруксуздугуна коркунуч келтиргенин белгиледи.
Өкмөткө кодекстеги бул кемчиликтерди жөнгө салуу, мамлекеттик карызды реструктуризациялоо боюнча иштерди жүргүзүү, бюджетте бекитилген суммадан ашык кредиттик каражаттарды тартууга жол бербөө жана инвестициялык долбоорлорго маани берүү менен жеңилдетилген кредиттерди тартуу сунушталды.