АКШ президентигине Демократтар партиясынан талапкер Элизабет Уоррен ири технологиялык Facebook, Google менен Amazon компанияларды өз-өзүнчө бөлүүгө буда бергенин 3dnews.ru жазып чыгышты.
Medium веб-сайтында Уррен эмнеге ири интернет-компанияларды бөлштүргүсү келгени тууралуу кеңири пост жазды. Аларды ал зор ресурстарды колдонуп, атаандаштарын алсыз кылып жатканына күнөөлөп чыкты.
Уоррен бул компанияларга туруштук берүү үчүн эки сунуш киргизди. Биринчиден, ири технологиялык платформалар « кызмат көрсөтүү платформасы» макамына ээ болусу шарт. Экинчиден, технологиялык биригүүлөргө каршы туруу зарыл. Ал атаандаштыкка каршы күч деп белгиледи. Уоррен мисал катары Amazon компаниясы Whole Foods Market жана Instagram Facebook социалдык түйүндүн биригишин билдирди. Саясатчынын оюнда бул биригүүлөр атаандаштарын жок кылууда.
Уоррен сунуштаган иш-чаралар мада компанияларга Amazon менен атаандаштык жасоого мүмкүндүк түзөт. Алар интернет айдыңында өз товары жна кызматтарын бул ири компаниялар сүрүп чыгарып коет деп коркпой сатышат деп билдирди. Мындай кадамдар Facebook өз колдонуучуларынын маалыматына сыр сактоого жана Google атаандаштардын сайтын жарыялоого жол бербейт эле деген пикирин билдирди.