USAID 34 долбоорго 1,97 млн доллар гранттык колдоо көрсөттү

26.01.2022, 12:31 Акчабар
USAID 34 долбоорго 1,97 млн доллар гранттык колдоо көрсөттү

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) беш жылдык регионалдык атаандашуу жөндөмдүүлүгү, соода жана жумуш орундарын түзүү боюнча долбоордун ийгиликтүү аяктаганын белгиледи. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Долбоор Борбор Азиядан экспортко жана жашылча-жемиш, транспорттук-логистикалык жана туристтик секторлордо иш менен камсыз кылуунун жогорулашына шарт түздү.

Долбоор туристтик ассоциациялар, туризм боюнча улуттук комитеттер жана туризмди илгерилетүү боюнча жеке сектордун 400дөн ашык өкүлдөрү менен тыгыз өнөктөштүктө иштеди. Мисалы, социалдык медиадагы кампаниялар, анын ичинде эл аралык WideOyster журналындагы Борбор Азия жөнүндө атайын чыгарылыш дүйнө жүзү боюнча 24 млндон ашык көрүүгө жетти.

Бул долбордун алкагында, USAID Кыргызстандын жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн туристтик обьекттеринин жогорку сапаттагы 3D-панорамалык карталарын түзүүгө жардам берди. Ошондой эле USAID 31 жаңы жөө жүрүү маршруттарын иштеп чыгып, анын кеңири сүрөттөмөсүн жарыялады. Ал жөнүндө маалымат миллиондон ашык потенциалдуу туристтерге жеткизилди. Бул аракеттердин аркасында эл аралык Lonely Planet басылмасы Борбор Азияны 2020-жылдын январына карата дүйнөдө мыкты туристтик регион деп атады.

USAID долбоору экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө көмөктөшүү, бизнести өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн Борбор Азияда 34 инновациялык долбоорго $1,97 млн гранттык колдоо көрсөттү. Бул колдоо менен өнөктөш компаниялар 634 жаңы жумуш ордун түзүүп, 37 жаңы рынокко чыга алды.

“Кыргызстандан чыккан «Ecomarket» компаниясы куурулган буурчакты жана кой буурчакты өндүрүүнү көбөйтүү үчүн жаңы жабдуу алды. Бул компанияга өндүрүштүн көлөмүн эки эсе көбөйтүүгө жана өлкөдө тоют буурчактарын ири экспорттоочулардын бири болууга жардам берди. Бул кеңейтүү Ecomarket компаниясына буурчак жеткирген 500дөн ашык фермерге дагы пайда алып келди”,- деп айтылат маалыматта.

Тэги: USAID КШнын Кыргызстандагы элчили инновациялык долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу