USAID, Бард колледж жана БААУ убакыт капсуласын Makerspace окуу борборунда орнотушту

26.12.2022, 11:52 Акчабар
USAID, Бард колледж жана БААУ убакыт капсуласын Makerspace окуу борборунда орнотушту

Келечек муундардын жыргалчылыгы үчүн 2022-жылдын 2-декабрында Окутуу-конструктордук борборунун “Makerspace Learning Center – AUCA” (MLC) жаңы имаратынын курулушуна убакыт капсулаларын салуу аземи өттү. Долбоор АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID), Бард Колледж жана БААУ тарабынан каржыланууда.

Капсула салуу расмий салтанатына USAID`дин Кыргызстандагы миссиясынын директору Кайя Адамс, БААУнун президенти жана Бард Колледждин вице-президенти Джонатан Беккер, БААУнун вице-президенти жана “Мейкерспейс – БААУ” долбоорунун жетекчиси Чыңгыз Шамшиев, БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин мүчөсү Назира Бейшеналиева, “Кармис” курулуш компаниясынын директору Абдумуса Куттуков, “Арх-Идея” архитектуралык жана дизайнердик компаниясынын жетекчиси Марат Абдрахимовдор катышты.

Келечек муундарга жолдонгон убакыт капсулалары 30 жылдан кийин 2052-жылы ачылып, коомчулукка жарыяланмай болду. Мындай мезгил жөн жерден алынган жок – эмки жылы БААУ 30 жылдыгын белгилейт.

Салтанаттын алдында анын катышуучулары долбоордун архитектуралык жана дизайнердик өзгөчөлүктөрү, ошондой эле курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Курулуш иштерин 2023-жылдын декабрь айында аяктоо пландаштырылган.

Долбоордун жыйынтыгында Бишкекте БААУнун аймагында уникалдуу билим алуу, чыгармачылык жүргүзүү жана жеке ишкерлик үчүн мейкиндик жаралат. Анда БААУнун студенттери жана коомчулугунун башка өкүлдөрү инновациялык азыктардын прототиптерин иштеп чыгуу жана өндүрүү, идея алмашуу, баарлашуу, инвесторлорду тартуу үчүн жогорку технологиялык шаймандардын кызматтарынан пайдалана алышат. БААУнун Мейкерспейсинин эшиги Кыргызстандын бардык окумуштуулары, инженерлери, жеке ишкерлери жана иштеп чыгуучулары үчүн дайыма ачык болот.

Инновациялык идеялардын иш жүзүнө ашуусу үчүн мейкерспейс атайын цех менен (3D-принтерлер, лазер кескичтер, робототехника боюнча топтомдор, тигүүчү машиналар) жана кубаттуу графикалык станциялары бар компьютердик лабораториялар менен жабдылат. Ошондой эле анын борборунда мээ чабуулу, окутуу кабинеттери, ири конференц-зал, баарлашуу жана жекече иштөө үчүн аймактар үчүн мейкиндиктер каралган. Кымбат баалуу кол жеткис жабдуулар студенттер, ойлоп табуучулар, жеке ишкерлер жана башка инноваторлор үчүн тобу менен жана өзүнчө жеткиликтүү болмокчу.

Мейкерспейстин имараты БААУнун башкы кампусунан бир нече ондогон метр аралыкта жайгашат. Имарат заманга жараша энергетикалык эффективдүүлүктүн, экологиялык жана климатикалык коопсуздуктун талаптарына ылайык курулат. Ошондой эле ал ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын суроо-талаптарына да жооп берет. “БААУнун Мейкерспейси” окутуу-конструктордук борбору БААУнун ачык, жеткиликтүү жана жашыл кампустун идеясын кармануусунун мыкты уландысы болмокчу.

“БААУнун Мейкерспейси” окутуу-конструктордук борбору БААУнун студенттери үчүн гана ачылбайт. Ал өз эшигин коомдун ар кандай катмарларынан чыккан адамдар, алардын ичинде аялдардын, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана башка заманбап технологияларга жете албаган топтордун жарандары үчүн ачмакчы. Долбоордун катышуучулары өз билимдерин башкалар менен бөлүшүп, өз кезегинде башкалардан да үйрөнүп турушат.

Тэги: USAID АУЦА капсулы времени

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу