USAID Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүгө 2 млн доллардан ашык каражат берет

06.05.2021, 11:00 Акчабар
USAID Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүгө 2 млн доллардан ашык каражат берет

Кыргызстанда 1-апрелден тарта USAIDдин жергиликтүү саламаттыкты сактоо тутумунун туруктуулугу боюнча долбоор иштей баштады. Анын алкагында республика 2,9 миллион доллар алды. Бул тууралу агенттиктин сайтында маалымдалды.

Долбоор аз жана орто кирешелүү өлкөлөргө жалпы ден-соолукту камтуу мүмкүнчүлүгүн колдоо үчүн туруктуу, өзүн-өзү каржылаган саламаттык сактоо тутумуна өтүүгө жардам берүүгө багытталган.

Долбоордун алкагында 900 медкызматкер COVID-19га тез жооп берүү боюнча тренинг программасын аякташты.

Ошондой эле, артыкчылыктуу лабораториялык изилдөө үчүн товарларды жана материалдарды сатып алуу жүргүзүлдү.

Кошумчалай кетсек, долбоор ушул айдын аягына чейин ишке ашырылат, долбоордун өнөктөшү Abt Associates.

Тэги: COVID -19 борьба с коронавирусом USAID Министерство здравоохранения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу