USAID Борбор Азияда сооданы өнүктүрүү долбооруна 19 млн доллар бөлөт

05.10.2021, 15:43 Акчабар
USAID Борбор Азияда сооданы өнүктүрүү долбооруна 19 млн доллар бөлөт

USAID Борбор Азиянын соодасын өнүктүрүү боюнча Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда ишке аша турган беш жылга 19 миллион долларлык жаңы долбоордун башталганын жарыялады.

Анын алкагында сооданы өнүктүрүү аракеттери USAIDдин регионалдык сооданы жөнөкөйлөштүрүү, ишкерликти өнүктүрүү жана регионалдык катышуу боюнча көп жылдык жетишкендиктерине негизделет.

"Борбор Азия кайрадан дүйнөлүк соода борборуна айланышы мүмкүн. Бул долбоор Борбордук Азияда аймактык жана эл аралык соода байланыштарын өнүктүрүүгө, жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн жана жумуш орундарын түзүүгө жардам берет. Биз кыргыз өкмөтү жана кыргыз ишкерлери жана компаниялары менен өнөктөштүктү чыдамсыздык менен күтөбүз жана товарларды тезирээк таанытууга жана жаңы рынокторду ачууга көмөктөшөбүз", - деди АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Култер.

USAIDдин Борбор Азиядагы соода долбоору үч негизги стратегиялык максатка жетүү үчүн мамлекеттик жана жеке секторго техникалык жардам көрсөтөт. Биринчиден, программанын ишмердүүлүгү каржылык жана убакыттык чыгымдарды азайтуу, ошондой эле региондогу экономикалык өсүштү стимулдаштыруу максатында бажы жана чек ара көзөмөлүнүн жол-жоболорун шайкеш келтирүүгө. Экинчиден, программа өнүгүүгө түрткү болгон реформаларды ишке ашыруу жана инвестиция агымын камсыздоо үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү күчөтөт. Үчүнчүдөн, кызыкдар тараптар менен Борбор Азия чөлкөмүнүн ичинде да, анын чегинен тышкары да чек ара соодасынын көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

 

Тэги: USAID Центральная Азия Кыргызстан развитие торговли

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу