Баткен: USAID уюму 8 миллион сомдон ашык каражат бөлөт

04.10.2022, 12:15 Акчабар
Баткен: USAID уюму 8 миллион сомдон ашык каражат бөлөт

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Баткен облусундагы жер которгон үй-бүлөлөргө жардам иретинде 8 миллион сомдон ашык каражат бөлөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

USAID уюму тарабынан бөлүнгөн каражат Баткен облусундагы 400 үй-бүлөгө гуманитардык жардам катары которулат. Ал каражат чек арадагы кагылышуудан жабыркагандарды колдоо максатында берилмекчи.

Көп максаттуу акчалай жардамды Эл аралык кызыл Чырым комитети ("Красный крест") жана Кызыл Жарым Ай коомдору жабыркагандарга тез арада бөлүштүрөт.

Буга чейин USAID уюму ЮНИСЕФ жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому аркылуу 1000 гигиеналык комплект берген. Комплекттер 5000 адамдын, анын ичинде Баткен облусундагы 2000 балага жеткирилген.

Тэги: экономика помощь баткенцам новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу