Кыргызстандын ички дүң өнүмү 2020-жылдын январь-июль айларында алдын-ала эсептөөлөр боюнча 282 миллиард сомду түздү. Өткөн жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу 6,1%га төмөндөгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.
«Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында 244 миллиард сомдон ашык сумманы түзүп, 7,7%га төмөндөгөн.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-июль айларында болжол менен 180 млрд. сомду түздү жана 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,9%га төмөндөдү, бул өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшүнө байланыштуу:
Курулушта терс тенденциялар байкалган, мында көлөмдүн төмөндөшү 8,9%, дүң жана чекене соода 17,6%ды түзгөн, ал эми айыл чарбасында тескерисинче, көлөмдүн 1,8%га көбөйүшү байкалган.