Новиков: Эркин экономикалык аймактарды башкарууга карай мамилени өзгөртүү керек

24.01.2021, 10:21 Акчабар
Новиков: Эркин экономикалык аймактарды башкарууга карай мамилени өзгөртүү керек

Эркин экономикалык аймактарды башкарууга карай мамилени өзгөртүп, анын иштөө механизмин жана шарттарын толугу менен кайрадан карап чыгуу керек. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков Чүй облусунун Ак-Чий аймагындагы «Бишкек» (ЭЭА) Эркин экономикалык аймагына баруусунда билдирди. 

 

 

«Иш жүзүндө ЭЭА активдүү өнөр жай зонасы катары экономиканы тездетилген өнүктүрүүчү орун катары эмес, кадимки аймактардын катарында болуп калды, ал орун алган жерде ЭЭА принциптери болгон коммуникация жана жери гана калган», - деди ал.

 

ЭЭА субъектилери менен баарлашуунун жүрүшүндө салык салуу, продукцияны экспорттоо, энергетикалык кубаттуулуктардын жетишсиздиги, уруксаат документтерин алуудагы бюрократиялык тоскоолдуктар, ошондой эле коңшулаш мамлекеттердин чек арасын кесип өтүүдөгү жаралып жаткан тоскоолдуктарга тийиштүү көйгөйлүү маселелер айтылды.

Өз кезегинде Артем Новиков белгилегендей, экономиканын драйвери катары ЭЭА өнүктүрүү – Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

«Биз ЭЭА кандай мүмкүнчүлүгү бар экендигин көрүп турабыз. Мыйзамдагы кемчиликтер инвесторлорду өлкөбүзгө инвестициялоо үчүн мыкты шарттардан обочолонтуп турат. Ишкерлер өз ишмердүүлүгүн башка өлкөлөргө которуп кетүүсүнө жол бербөө керек. Биз бизнесмендерге өзгөчө шарттарды түзүү үчүн чечкиндүү аракеттерди кабыл алабыз. ЭЭА реанимациялоо үчүн убакыт келип жетти», - деп белгиледи Артем Новиков жана 2021-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө ЭЭА өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын сунуштоону тапшырды, мында өзгөчө көңүл ишкерлер тарабынан айтылган көйгөйлүү маселелерди комплекстүү түрдө чечүүгө бурулушу кажет.

 

Тэги: СЭЗ экономика бизнес Артем Новиков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу