Кыргызстандын Улуттук банкы 27-июнга карата валюталардын сомго карата расмий курстарын жаңылады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.
Такталган маалыматтарга караганда, 24-июнга карата рубль 1,05% арзандады. Курс 1,0323 сом деп белгиленди. Теңге да 0,67%га арзандап, 0,1940 сомду түздү.
Мында евро 0,41%га жогорулап, 95,1036 сомго, доллар 0,03%га жогорулап, 87,3231 сомго бааланды.