«Бай-Түшүм» банкынын уставдык капиталы 1 млрд сомго чейин көбөйөт

02.04.2024, 09:43 Акчабар
«Бай-Түшүм» банкынын уставдык капиталы 1 млрд сомго чейин көбөйөт

"Бай-Түшүм Банкы" ААК уставдык капиталын 1 млрд сомго чейин көбөйтүү чечимин жарыялады. Мындай чечим акционерлердин жылдык жалпы чогулушунда кабыл алынып, анда 99,33% добуш менен колдоо тапты. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жайгаштырылган.

Уставдык капиталды көбөйтүү банктын кошумча 2,1 миллион жөнөкөй акцияларын жеке чыгаруу (жеке жайгаштыруу) аркылуу ишке ашырылат. Акцияларды жайгаштыруу баасы бир акция үчүн 100 сомду түзөт.

Белгиленгендей, баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим жарыяланган күндөн тартып 45 күндүн ичинде банктын акционерлери акцияларды өз үлүшүнө пропорционалдуу түрдө сатып алууга арыз бере алышат. Эгерде биринчи этапта бардык акциялар сатылып алынбаса, калган акциялар аларды өз үлүшүнөн ашыкча сатып алууну каалаган башка акционерлерге сунушталат.

Тэги: новости Кыргызстана Бай-Тушум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу