Үч жылдын ичинде Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын уставдык капиталын 100 миллион долларга чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинети турак-жайды милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү көздөп жатат. Ошондуктан 2024-жылы Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын уставдык капиталы 600 миллион сомго көбөйтүлөт.
"Эгер анын уставдык капиталын көбөйтпөсө, анда ал пайда алып баштабайт. Биз аларга чоң долбоорлорду берели деп жатабыз, бирок уставдык капиталдын аздыгынан аларды камсыздай алышпайт”, - дейт Акылбек Жапаров.