«Кепилдик фондунун» уставдык капиталы 2 млрд сомго көбөйтүлүшү мүмкүн

21.09.2021, 14:00 Акчабар
«Кепилдик фондунун» уставдык капиталы 2 млрд сомго көбөйтүлүшү мүмкүн

Кепилдиктерге болгон муктаждыктын жогорулашы менен "Кепилдик фонду" ААКсы министрлер кабинетинен 2 млрд сом каржылоо алса болот. Бул тууралуу экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров "Кепилдик фонду" ААКнын кыргыз экономикасынын өнүгүүсүндөгү ролу жана орду" аттуу эл аралык конференцияда билдирди.

Министрдин айтымында, Кепилдик фонду өзүнүн системасы менен чакан жана орто бизнести каржылоого жеткиликтүүлүгүн камсыздоо менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.

Акылбек Жапаров кепилдиктерди берүүнү жана мультипликативдик коэффициентти жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

"Ишкерлерге, айрыкча экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларга кепилдик колдоону күчөтүү жана ислам принциптерине ылайык кепилдик инструменттерин киргизүү зарыл", - деди чиновник.

Бүгүнкү күндө фонддун уставдык капиталы 4,1 млрд сомду түзөт.

Тэги: Гарантийный фонд капитал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу