«РСК Банктын» уставдык капиталы 11,4 млрд сомго чейин көбөйтүлөт

21.05.2024, 11:32 Акчабар
«РСК Банктын» уставдык капиталы 11,4 млрд сомго чейин көбөйтүлөт

“РСК Банк” ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда уставдык капиталды көбөйтүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. 

Уставдык капитал акцияларды кошумча чыгаруу аркылуу 1 млрд 857,3 млн сомго көбөйтүлөт. Бир акциянын номиналдык баасы 500 сом, ал эми чыгарылган көлөм 3 млн 714,6 миң акцияны түзөт. Банктын жалпы уставдык капиталы өзгөртүүдөн кийин 11 млрд 401 млн 483,5 миң сомду түзөт.

“РСК Банк” мамлекеттик банк экенин эске алсак, жаңы акцияларга Министрлер кабинети ээлик кылат.

Эске салсак, буга чейин аталган банктын жетекчиси Уланбек Ногаев банктын атын өзгөртөөрүн билдирген. Эми ал “Элдик Банк” деп аталат. Буга байланыштуу финансы мекемесин Кыргызстандын юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүү чечими кабыл алынган.

 

Тэги: РСК Банк уставный капитал биржа КФБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу