Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өзбек тараптын фонддун уставдык капиталына салымы 50 миллион долларды түзөт, андан кийин каражат 200 миллион долларга чейин көбөйтүлөт.
Фонд Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү, экономикаларды модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн. Фонд Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду төмөнкү багыттар боюнча насыяларды берүү жолу менен каржылайт:
Март айында эки өлкө өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө келишимге кол койгон.