Быйыл бюджеттин тартыштыгы төрт эсеге көбөйдү

10.11.2022, 10:32 Акчабар
Быйыл бюджеттин тартыштыгы төрт эсеге көбөйдү

Быйыл бюджеттин кирешеси 282,1 миллиард сом, чыгашасы 291,2 миллиард сомду түздү. Ал эми бюджеттин таңкыстыгы 9,1 миллиард сом өлчөмүндө бекитилди.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, бюджеттин кирешеси 272 миллиард сом деңгээлинде болжолдонууда. Бул сумма бекитилгенден 10,1 миллиард сомго аз болууда. 
Министрлик салык төлөмдөрүнүн азайышынын негизги себебин  Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышуу жана Орусияга каршы кошумча санкциялардын киргизилиши менен байланыштырды. Мындан улам ЕАЭБ алкагында бажы кирешелери азайды.

Чыгымдар 307,4 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда (16,1 млрд сомго көбөйгөн). Алсак, мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 26,2 миллиард сомго өсүп, 35,4 миллиард сомду түзүүдө.

Бюджет тартыштыгынын түзүмү бюджеттик каражаттардын таңкыстыгы, атайын эсептердеги каражаттардын тартыштыгы жана мамлекеттик инвестициялардын тартыштыгынан турат.
Каржы министрлиги мамлекеттик инвестициялар боюнча тартыштык 14,2 млрд сомду түзөрүн, ал мамлекеттик инвестициялык кирешелердин эсебинен жабыларын, б.а. тышкы булактар аркылуу жабыларын кошумчалады.

Атайын эсептердеги каражаттардын тартыштыгы 6,7 миллиард сомду түзөт. Ал жыл башындагы атайын эсептердеги каражаттардын калдыгы менен жабылат. Бюджеттик каражаттардын тартыштыгы бюджеттик каражаттардын кирешелеринин азайышынан жана чыгашалардын көбөйүшүнөн улам түзүлгөн. Бул тартыштык 14,5 млрд сомду түзөт, ал жабуунун ички булактары (мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жыл башындагы бюджеттик каражаттардын калдыктары) эсебинен жабылат.

Тэги: новости Кыргызстана экономика бюджет дефицит бюджета Минфин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу