Социалдык фонддун 2024-жылга бюджети бекитилди

22.01.2024, 17:09 Акчабар
Социалдык фонддун 2024-жылга бюджети бекитилди

Президент Садыр Жапаров “Социалдык фонддун 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аны былтыр декабрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Мыйзамдын максаты - Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга болгон укуктарын камсыз кылуу.
Мыйзам менен Социалдык фонддун 2024-жылга бюджети кирешелер боюнча 106 млрд 982 млн 454,9 миң сом жана чыгашалар боюнча 105 млрд 323 млн 406,5 миң сом өлчөмүндө бекитилди.

Ошону менен бирге, Социалдык фонддун 2024-жылга бюджетинин профицити 1 млрд 659 млн 048,4 миң сом өлчөмүндө белгиленген. 

 

Тэги: Соцфонд бюджет Садыр Жапаров президент новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу